• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстандын кум үстүндөгү футбол боюнча курамасы Араб өлкөлөрүнүн кубогуна катышат

Спорт 0

Бишкек, 12.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын кум үстүндөгү футбол боюнча курама командасы Араб өлкөлөрүнүн кубогуна катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Мелдеш 11-майдан 20-майга чейин Сауд Аравияда өтөт.

Турнирге жалпысынан 12 өлкөнүн командалары катышат. Кубоктун форматы боюнча командалар үч тайпага бөлүнүштү:

А тайпасы: Сауд Аравия, Мавритания, Марокко, Ливан.
В тайпасы: Оман, Палестина, Кыргызстан, Египет.
С тайпасы: Бириккен Араб Эмираттары, Ливия, Кувейт, Камори.

Андан ары 1/4 финалга 1-2-орундарды ээлеген командалар жана өз тайпаларында 3-орунга ээ болгон эки мыкты курама чыгат.

Пикир

Оставить комментарий