Кыргызстандын жаратылыш министри Мелис Тургунбаев Стамбул диалогуна катышууда

Коом 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев Стамбулдагы өнүгүү 2024 диалогуна катышууда.

Ведомстводон билдиришкендей, министр 20-21-майда өтүп жаткан иш-чарада сөз сүйлөп, Кыргызстандын климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана туруктуу өнүгүүнү илгерилетүү боюнча чечкиндүүлүгүн баса белгиледи.

Мелис Тургунбаев аталган тармакта жүргүзүлүп жаткан иштерди тизмектеп, 2050-жылга карата улуттук адаптациялык программаны жана көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү концепциясын иштеп чыккандыгын жарыялады.

Ошондой эле министр иш-чарада БУУнун КӨАК алкагында "Тоолор жана климат" глобалдык диалогун түзүү боюнча Кыргызстандын демилгесин сунуштап жана катышуучу-өлкөлөрдү кызматташууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий