Бишкек, 19.05.24./Кабар/. Кыргызстандын жиу-житсу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдеште 11 медаль (2 алтын, 3 күмүш жана 6 коло) жеңди.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, AJP ABU DHABI GRAND SLAM аталышындагы эл аралык турнир Бириккен Араб Эмиратынын Абу-Даби шаарында өттү.
Алтын байгенин ээлери:
- Александр Дворников (85 кг чоңдор арасында);
- Абдусалим Розобаев (50 кг жаштар арасында).
Күмүш байгенин ээлери:
- Султан Русланбеков (66 кг жаштар арасында);
- Ильяс Халбаев (50 кг жаштар арасында);
- Янар Сарыбаев (94 кг жаштар арасында).
Коло байгенин ээлери:
- Безруз Саламов (50 кг жаштар арасында)
- Мурат Фазилов (46 кг жаштар арасында);
- Темирлан Жумакадыров (46 кг жаштар арасында);
- Арген Абдыманапов (69 кг чоңдор арасында)
- Умар Яншанло (56 кг чоңдор арасында);
- Муратбек Ганиев (120 кг чоңдор арасында).
Пикир
Оставить комментарий