• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандын жиу-житсу боюнча өспүрүмдөр командасы Казакстандагы мелдеште 5 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын жиу-житсу боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү “AJP tour Astana” улуттук мелдешинде 5 медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 17-18-февраль күндөрү Казакстандын Астана шаарында өттү.

Курманын мүчөлөрү Саид Вахитов (34 кг), Залкар Жанболотов (55 кг) жана Абдусалим Розобаевдер (50 кг) алтын медалга ээ болсо, Ринат Акбаров (56 кг) жана Ильяс Халбаев (50 кг) коло медаль багындырды.

Белгилей кетсек, “AJP tour Astana” улуттук мелдеши жиу-житсунун бразилиялык версиясы боюнча болду. Курама команда машыктыруучу Бахтияр Вахитовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий