• 85.8
  • 93.01
  • 0.89

Кыргызстанга Asman Airlines авиакомпаниясынын экинчи учагы келди

Коом 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Кыргызстанга Asman Airlines авиакомпаниясынын экинчи учагы келип конду. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААК башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов билдирди.

Анын айтымында, бул ички каттамдарды тейлөө үчүн "Манас» эл аралык аэропорту" ААК сатып алган төрт учактын экинчиси, үчүнчүсү 2025-жылдын январь айында, төртүнчүсү май айында келет.

Ал белгилегендей, 2025-жылдын май айынан тарта төрт учак тең өлкөнүн бардык аймактарына учуп, тургундарга толук кандуу кызмат көрсөтө баштайт.

"Акыркы 30 жылдан бери иштебей турган Талас, Нарын, Каракол, Казарман жана Кербен аэропорттору иштей баштайт. Учурда алар учактарды кабыл алууга толук даяр", - деп кошумчалады Самидинов.

Эскерте кетсек, сатылып алынган учактардын алгачкысы өлкөгө үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында алынып келген.

Пикир

Оставить комментарий