• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызпатент менен Конрад Аденауэр атындагы фонддун Орто Азиядагы регионалдык өкүлчүлүгү кызматташат

Коом 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 4-февралда КР Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) жана Конрад Аденауэр атындагы фондун Орто Азиядагы регионалдык өкүлчүлүгү эки тараптуу кызматташуу тууралуу Меморандумага кол коюшту. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызпатенттин директору Р.Керимбаева жана Конрад Аденауэр атындагы фондун ыйгарым укуктуу өкүлү Р.Хайне жаштардын экономикалык, экспорттук, билим берүүчүлүк, илимий-техникалык, чыгармачылык жана эмгек потенциалын өнүктүрүүгө багытталган инновациялык долбоорлорду иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана мындан аркы эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий