• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстанга кайсы өлкөлөрдөн туристтер көп келет – статистика

Коом 0

Бишкек, 21.01.25. /Кабар/. 2024-жылы Кыргызстанга келген туристтердин саны 2023-жылга салыштырмалуу 80 миң адамга көбөйгөн, бул республикага туристтик агымдын өсүшүн тастыктайт.

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Кыргызстандын чек арасынан “туризм”, “жеке сапар” жана “иш сапар” максатында өткөндөрдү турист катары классификациялайт.

УКМК Чек ара кызматынын маалыматы боюнча 2024-жылы биздин республикага 8 млн 625 миң 86 адам келген, бул 2023-жылга салыштырмалуу 80317ге көп, былтыр туристтердин саны 8 миллион 544 миң 769 адам адамды түзгөн. Бул көрсөткүчтөр жогорудагы үч категория боюнча келген адамдарга тиешелүү.

Туристтердин эң көп үлүшү Өзбекстандан (61,7%), Казакстандан (28,3%) жана Россиядан (5,6%) келгендер. Бул үч өлкө чогуу Кыргызстанга келген чет элдик туристтердин агымынын басымдуу бөлүгүн камсыздайт.

Алардан тышкары туристтер Кыргызстанга Кытай, Түркия, Индия, Германия, Пакистан, Түштүк Корея, АКШ, ошондой эле Франция, Улуу Британия, БАЭ, Малайзия, Беларусь жана башка өлкөлөрдөн келишет.

Чейректик статистика зыяратчылардын эң көп саны 2024-жылдын үчүнчү чейрегинде (июль, август жана сентябрь) катталганын көрсөтүп турат, анда өлкөгө 2,8 миллиондон ашык адам келген. Экинчи чейрек 2,3 миллион турист менен сан жагынан экинчи болду. 2024-жылдын биринчи кварталында 1,6 миллионго чейин адам агымы катталды, бул туристтик активдүүлүктүн сезондук өзгөрүүсүнө туура келет.

Туристтик агымдын мындай өсүшү популярдуу туристтик дестинация статусун сактап калган Кыргыз Республикасынын туристтик жагымдуулугунун үзгүлтүксүз өнүгүшүн көрсөтүп турат.

Пикир

Оставить комментарий