• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Бир дагы жолчу же милиционер жок! Көк-Бел ашуусунда жүздөгөн жүк ташуучу унаа тыгында турат (видео)

Коом 0


Бишкек, 19.12.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Жалал-Абад облусунда Бишкек-Ош унаа жолунун Көк-Бел ашуусунда жүк ташуучу унаалар тыгында турушат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине окурмандар билдиришти.

Алардын маалыматына ылайык, жүздөн ашык КамАЗдар бир суткадан ашык тыгында турат.

“Жер тайгак, мууз. Кум да, туз да себилген эмес. Жада калса бир дагы жолчу же күнүгө турган милиция кызматкерлери жок. Биз өтө албай турабыз. Үшүп, ачка да болдук”, - деп арызданды ал.

Ал эми башка видеодо айдоочу бул жерден 20-30 чакырым алыстыкта туз комбинаты бар экендигин, жолго туздун кереги жок кумун алып келип сээп койсо жагдай мынча татаалдашпай турганын билдирди. “Кара-Көл шаарынын Жолду оңдоп-түзөө жана колдонуу башкармалыгы такыр иштебейт. Айдоочулар бир суткадан бери турабыз өтө албай. Бул жерде ашкана да жок, ачка болдук. Каякка кайрылаарыбызды да билбей калдык”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий