• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстанга келген инвестициялардын көлөмү көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 16.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстанга келген инвестициялардын көлөмү көбөйдү. Бул тууралуу Бишкекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин катышуусунда өтүп жаткан инвестициялык саясат боюнча семинарда айтылды.

Маалымат боюнча, 9 ай ичинде облустарга келген инвестициялардын көлөмү төмөндөгүдөй:
- Чүй облусу - 159 млн доллар;
- Жалал-Абад облусу - 88,4 млн доллар;
- Талас облусу - 85 млн доллар;
- Баткен облусу - 42,9 млн доллар;
- Ош облусу - 26,1 млн доллар;
- Нарын облусу - 7,1 млн доллар;
- Ош шаарына - 2,7 млн доллар;
- Ысык-Көл облусу - 1,6 млн доллар.

Иш-чарада Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев 10 айда Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 12,6 млрд АКШ долларын түзгөнүн, өсүү темпи 9,6%ды көрсөткөнүн белгиледи.

"Бул мамлекет тарабынан инвестициялар үчүн жагымдуу климат түзүү багытында активдүү иштер жасалып жатканынан кабар берет", - деди ал.

Белгилей кетсек, семинар Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана Инвестициялык кеңеш тарабынан БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий