• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келе жаткан 22 тонна беде үрөнү артка кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келе жаткан 22 тонна беде үрөнү артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдовар" өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан "Жыйынды постунда" Казакстандан алынып келе жаткан 22 тонна беденин үрөнүн Кыргызстандын аймагына ташып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган.

Фитосанитардык сертификатта камтылган маалыматтар транспорттук (ташуучу) документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбегендиктен жана тиешелүү маркировканын жоктугуна байланыштуу, фитосанитардык сертификат жараксыз деп таанылып, жүк кайра кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий