• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

2020-жылы мамлекеттик чек арага байланыштуу 12 чыр-чатак катталган

Коом 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы 2020-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ра кызматынын коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш түзүү бөлүмү маалымдайт.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, өлкөдөгү санитардык–эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер бөлүктөрү жана бирикмелеринин колбашчылыгы менен кеңешме видеоконференция форматында өткөрүлдү.

Отурумдун жүрүшүндө чек ара ведомствосунун 2020-жылдагы күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, 2021-жылга тапшырмалар коюлду.

2020-жылы мамлекеттик чек арадагы кырдаал туруктуу сакталды.

Өткөн жыл ичинде 12 чек ара чыр-чатак катталып, анын ичинен: кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында – 9, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара аймагында – 3 чыр катталган.

МЧКнын билдирүүсүнө таянсак, акыркы жылдары мамлекеттик чек арада инциденттердин саны туруктуу төмөндөп бараткан тенденциясы сакталууда.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарып жатып чек ара ведомствосунун ишмердүүлүгүндөгү оң жылыштарды белгилеп, ошону менен бирге эле айрым жетишпестиктерди жана кемчилдиктерди да айтып өттү.

Ведомство башчысы Мамлекеттик чек ара кызматынын колбашчылык курамынан аткаруу тартибине көзмөлдү күчөтүүнү жана чек арадагы аткезчиликке жана коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүдө катуу чараларды колдонууну талап кылды.

“2021-жылы мамлекеттик чек араны жана анын режимин бузуу, чек ара инциденттерин пайда болушу мүмкүн делген багыттарга көңүл буруу, ошондой эле мамлекеттик чек арада чыр-чатактарды болтурбоо жана алардын күчөп кетпөөсүн алдын алуу максатында жергиликтүү бийлик органдары менен кош аракеттенүүнү күчөтүүгө катуу көңүл буруу керек жана ошону менен бирге кош аракеттенген мамлекеттик органдар менен биргеликте аткезчилик көрүнүштөргө комплекстүү каршы туруу зарыл”, - деп белгиледи өз сөзүндө Шаршеев.

Пикир

Оставить комментарий