• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанга мыйзамсыз кирген Өзбекстандын жараны кармалды – УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.09.24. /Кабар/. 2-сентябрда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча Ош шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 30-августта Кыргызстанга мыйзамсыз кирген Өзбекстандын Р.С.А. аттуу жараны кармалды.

УКМКдан билдиришкендей, жалпы жарандык паспортту иликтөөнүн жүрүшүндө өлкөгө кирүү жөнүндө "Достук - унаа жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун 2-сентябрга чейинки дата-штампы коюлганы аныкталган. Тактап айтканда, Өзбекстандын жараны Р.С.А. Ош шаарына келерде "Достук - унаа жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун Ж.Ж.У. аттуу аскер кызматчысынын шенимине кирип, андан соң И.Р.К. деген ортомчуну пайдаланып, 300 АКШ долларын жана "Ош-аэропорт" көзөмөл өткөрүү пунктундагы аскер кызматкери А.у.Кга өздүк паспортун берип, мөөр басууну (анын ичинде Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын маалымат базасына маалыматтарды киргизүүнү) суранган.

Мындан улам УКМКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан өзбекстандыкка карата Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) менен кылмыш иши козголуп, жогоруда аталган жаран тергөө абагына киргизилди.

Ошондой эле көзөмөл-өткөрмө пунктунун аскер кызматкерлери А.у.К жана Ж.Ж.У.га байланыштуу материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, Жазык-процесстик кодексинин нормаларына ылайык чараларды көрүү үчүн Ош гарнизонунун аскер прокуратурасына жиберилди.

Белгиленгендей, жогоруда аталган өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери кызматтан бошотулган.

Учурда бул багыттагы иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий