• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Кыргызстанга октябрда швейцариялык “Швихаг” компаниясынын өкүлдөрү келе турган болду

Коом 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын Швейцариядагы элчилигинде швейцариялык “Швихаг” компаниясы менен жолугушуу болду.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, элчи Омар Султанов швейцариялык компанияны Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча маалымдады. Ошондой эле ал Астанада өткөн “Борбордук Азия ― Германия” саммитте президент Садыр Жапаровдун Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири интеграциялык долбоорлорго өзгөчө көңүл бөлүүсү зарыл экенин баса белгилегенин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында “Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасы менен ишти баштоо максатында, октябрь айында Кыргызстанга “Швихагдын” өкүлдөрүнүн иш сапарын уюштуруу макулдашылды.

Маалымат үчүн: “Швихаг” ― жол жана багыттама тутумдары, рельстердин бекиткичтери жана темир жол жабдыктарын чыгаруучу дүйнөдөгү алдыңкы компания.

Пикир

Оставить комментарий