• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстанга Түштүк Африкадан келген аңчылык куралдарды алып кирүү аракети көрүлгөн

Коом 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. "Манас" бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери биргеликте бажы мыйзамын бузуу фактыларын аныкташты.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, 18-августта Түштүк Африкадан “А.К” ЖЧКсынын дарегине жалпы салмагы 378 кг түзгөн аңчылык мылтыктары келген.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө бажы коштомо кагаздары боюнча товардын баасы 81 миң 720 долларды түзсө, 2024-жылдын 27-июнундагы коштомо кагазга ылайык товардын баасы 59 миң 370 долларды түзгөнү аныкталган.

Товарларды бажылык декларациялоодо "А.К." ЖЧКсы тарабынан бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качкуу фактысы аныкталды. Эсеп-фактурага ылайык, мурда төлөнгөн бажы төлөмдөрүнөн тышкары мамлекеттик бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн жана салыктардын суммасы 526 миң 456 сомду түздү.

Аталган факты каттоого алынып, чогултулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий