• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Салык кызматынын төрагасы КМШ салык органдарынын жетекчилеринин жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 09.10.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов Казакстандын Астана шаарында өткөн КМШга катышкан мамлекеттердин салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 30-жыйынына катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын катышуучулары КМШга катышкан мамлекеттердин салык чөйрөсүндөгү өз ара аракеттешүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашып, санариптик экономика доорундагы салыктык башкаруу тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Делегациялар кадрдык дараметти өнүктүрүү жана салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн көлөмдүү маалыматтарды талдоонун санариптик чечимдерин жана ыкмаларын колдонуу боюнча пикир алмашышты.

Мындан тышкары, жыйында КМШга катышкан мамлекеттердин экономикалык чөйрөдө өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүнүн артыкчылыктары каралды.

Жыйында Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов заманбап салык системасындагы көлөмдүү маалыматтарды талдоону колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Анын пикири боюнча, салык системасында көлөмдүү маалыматтарды талдоону колдонуу жол-жоболорду оптималдаштырууга, маалыматтардын тактыгын жогорулатууга, төлөөдөн качуунун жана мыйзам бузуулардын алдын алууга, ошондой эле салык төлөөчүлөрдү тейлөөнү жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Ал ошондой эле Кыргызстандагы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар, контролдук-кассалык машиналар, электрондук эсеп-фактуралар, товарларга байкоо жүргүзүү, КНСти контролдоо системалары сыяктуу салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорлорунун жыйынтыктары менен бөлүштү.

"Заманбап санариптик салык чечимдерин киргизүү акыркы эки жылда өлкөнүн бюджеттик кирешесинин эки эсеге көбөйүшүнө алып келди жана салык төлөөчүлөрдү тейлөөнү жакшыртты Бул өз кезегениде көмүскө бизнес менен күрөшүүгө өбөлгө түздү", – деп белгиледи А.Абдувапов.

Белгилей кетсек, жыйынга Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана видео байланыш аркылуу – Армения жана Өзбекстандын салык кызматтарынын жетекчилери, ошондой эле КМШ Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.

КМШга катышкан мамлекеттердин салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин кийинки жыйыны 2024-жылы Кыргызстанда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий