Кыргызстан менен Кувейт айыл чарба жана туризм жаатындагы кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кувейттин тышкы иштер министринин орун басары Самих Исса Жаухар Хаятты кабыл алды.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, кувейттик делегация Кыргызстан менен Кувейттин ТИМдер аралык кезектеги кеңешмелерине катышуу үчүн Бишкек шаарына келген.

Министр Кулубаев жакында эле Мангаф шаарында көп кабаттуу үйдө өрт 43 адамдын өмүрүн алып, 15 адам жараат алганына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, курман болгондордун жакындарына колдоо сөздөрүн, жабыркагандар тезирээк сакайып кетишин каалады.

Ошондой эле ал Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлин жана түрдүү тармактардагы мамилелердин прогрессивдүү өнүгүп жатканын белгиледи.

Кувейт делегациянын башчысы өз кезегинде, кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирип, бир күн мурда эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий кеңешмелер жемиштүү өткөнүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде айыл чарба, энергетика, туризм жана башка тармактарды мындан ары кеңейтүүгө өз-ара кызыктар экендиктерин билдиришти.

Өзгөчө эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн реалдуу механизми боло ала турган Кыргыз-Кувейт өнүктүрүү фондун түзүү боюнча ишти улантуунун маанилүүлүгү белгиленди. Ошондой эле бийик жана жогорку деңгээлдеги расмий сапарларды өз-ара алмашуу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий