• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Кышкы эс алуу – "Каракол" тоо лыжа базасынын баалары жана шарттары

Коом 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Кышында көпчүлүк үй-бүлөсү, жоро-жолдоштору менен таза абада дем алып, тоо койнунда эс алууга ыктайт. Мында алар лыжа, чана тээп, муз үстүндө коньки менен чимириле бийлеп, кышкы эс алуусун көңүлдүү өткөрүүнү жактырышат. Бул ирет “Кабар” агенттиги Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан анча алыс эмес жердеги “Каракол” тоо лыжа базасынын шарттары жана баалары тууралуу маалымат берүүнү эп көрдү.

Эгер сиз Бишкектен жолго чыксаңыз Караколго чейин жеңил унаа менен 400 чакырым аралыкты 8 саатта басып өтөсүз. Ошондой эле шаарга автобус жана маршруттук таксилер да каттайт. Жол кире болжол менен 550-700 сомго чейин (жыл мезгилдерине жараша баалар өзгөрүшү мүмкүн). Жол жүрүүгө убакыт коротпой эртерээк жетүүнү кааласаңыз Бишкек – Каракол аба каттамы аркылуу жарым сааттын ичинде учак менен барсаңыз болот. Билет баасы бир тарапка 3100 сомду түзөт. Караколго биринчи каттам 22-декабрда учат. Авиабилеттер asmanairlines.kg тиркемесинде сатылууда.

“Каракол” тоо лыжа базасы Каракол шаарынан 7 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жаратылыш койнундагы эс алуу жайы деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте орун алган. Кышында тоо боорунда лыжа тебүү сезону ноябрь айында башталып, апрелге чейин созулат. Бул убакыт аралыгында кар болобу же болбойбу деп кабатырлануунун кереги жок, анткени кар абдан калың түшөт.

Кыргызстандыктардын жана чет элдик туристтердин эс алуусу үчүн “Каракол” тоо лыжа базасында мейманканалар, коттедждер бар. Комплекстин аймагында тамактануу жайлары иштейт.

Мейманканалар (баалар бир күнгө жаңы жыл маалында бааларда айырма болот)

- эки жана үч орундуу номерлер – 4400-7500 миң сом;

- алты орундуу номер – 17 миң 500 сом;

- 8 кишилик эки кабаттуу коттедж – 17 миң 500 сом;

- 8 кишилик үч кабаттуу коттедж – 23 миң 500 сом;

- 11 кишиге ылайыкталган “Люкс апартаменттер” коттеджи – 42 миң сом;

Номерлердин бааларына тамак-ашы, асма жол, жабдууларды ижарага алуу кирбейт.

Тоо лыжа жабдууларынын ижарасы (күнүнө):

- Лыжалар жана сноуборддор – 400 сомдон башталат;

Базасынын аймагында лыжа тебүү үчүн билеттердин баалары – 500-1600 сомго чейин.

Эгер сиз лыжа же сноуборд тебе албасаңыз, инструкторлор жардамга келет. Деңиз деңгээлинен 2300 метрден 3040 метрге чейинки бийиктиктен тоо боору менен лыжа тээп түшсө болот.

Ошондой эле карагайлуу токойдогу туристтик маршруттар боюнча унаа же ат менен аралап, эсте каларлык эс алуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүгүңүз бар. Деги эле “Каракол” базасына кайсы жыл мезгилинде барбаңыз Кыргызстандын суктанткан кооз жаратылышы кучак жайып тосуп алат.

Белгилей кетсек, 2023-жылы ТурСтат порталы тарабынан түзүлгөн КМШ мамлекеттеринин тоо лыжа курорторунун рейтингинде Караколдогу эс алуу жай алдыңкы үчтүккө кирген. Порталдын маалыматы боюнча, кышкы эс алууну өткөрүүгө ыңгайлуу тоо лыжа курорттору деп Шымбулак, Каракол жана Цахкадзор саналган. Бүгүнкү күндө Караколго кышкы спорттун сүйүүчүлөрү КМШ өлкөлөрүнөн гана эмес, Европа жана Америкадан да келип жатат.

Материалды даярдаган Мээрим Дүйшөналиева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий