• 87
  • 89.63
  • 0.85

Кыштагы Сары-Челек - сүрөттөр

Аймак 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Сары-Челек" мамлекеттик биосфералык коругунан тартылган кыштагы ажайып кооз сүрөттөр менен бөлүштү.

“Сары-Челек” мамлекеттик биосфералык коругу өлкөдөгү өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарынын бири. Ал мамлекеттик коргоого алынып, биосфералык корук болуп 1959-жылы түзүлгөн, аймагы дээрлик 24 миң гектарды түзөт.

“Сары-Челек” мамлекеттик биосфералык коругу ЮНЕСКОнун эл аралык корук тармагына киргизилген. Коруктун аймагында кызыл китепке кирген жаныбарлар байырлап, өсүмдүктөр өсөт. Мисалы, ак илбирс, сүлөөсүн, суусар, күрөң аюу, каман, элик, тоо текеси, маралдар жана башка жаныбарлар бар. Ошондой эле жаңгак, арча, карагай жана башка өсүмдүктөр өсөт.

Баарына белгилүү болгон Сары-Челек көлү “Сары-Челек” коругунда жайгашкан. Сары-Челек көлүнө жетүү үчүн коруктан көлгө чейин болжол менен 15-20 чакырым жолду басып өтүү керек.

Окумуштуулардын пикири боюнча, Сары-Челек көлү 10 миң жыл мурда жер титирөөдөн кийин пайда болгон. Анын узундугу 7,5 чакырымга, эң жазы жери 2,3 чакырымга жетип, аянты 492 гектарды түзөт. Ал эми анын орточо тереңдиги 98 метр болсо, эң терең жери – 246 метрге жетет. Сары-Челек көлү деңиз деңгээлинен 1 миң 878 метр бийиктикте жайгашкан.

Кыш мезгилинде Сары-Челек көлүндө тоңгон муздун калыңдыгы 25-30 сантиметрге чейин жетип, кайра апрель айларында эрийт. Сары-Челек көлү төрт мезгилде тең абдан кооз, өзгөчө күзүндө айланасындагы дарактар сары-кызгылт түскө ээ болуп, суунун бетине чагылышуу менен көлгө көрк берет.

Коруктун кызматкерлери күн сайын мониторинг жүргүзүп, браконьерлерге жана жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузууларга каршы көзөмөлдөө иштерин жүргүзүп турушат.

Пикир

Оставить комментарий