• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кытай карыздын убактысын 4 жылга узартууну сунуштоодо. Новиков ал учурда канча сом ашыкча төлөнөрүн айтып берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Кыргызстан Кытайдан алынган карыздын төлөө мөөнөтүн узартууну макулдашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди.

Анын айтымында, Кытай карыздын төлөө убактысын 4 жылга узартууну сунуштаган.

“Кытай үстөктү 2% деп белгилөөнү сунуштап жатат. Жалпысынан ал өкмөт тарабынан белгиленген чендерден ашпайт. Ошондо 2,9 млрд сом ашыкча төлөнөт”, - деди ал.

Новиков Кыргызстандын тышкы карызынын басымдуу бөлүгү Кытайдан алынганын айтып, башка өлкөлөрдөн алынган карыз өтө көп эмес экенин белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий