• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан карыз алган 6 өлкө менен насыянын төлөө убактысын узартууну макулдашты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Кыргызстан 6 өлкө менен алардан алынган карыздын төлөө убактысын узартууну макулдашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди.

Анын айтымында, карыздын убактысын узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан өлкөлөрдү кошпогондо, башка карыздар өз убагында төлөнүүдө.

Новиков, өкмөт Париж клубу менен карыздар боюнча макулдашууга жетишкенин белгилеп өттү.

“Бүгүнкү күнү 6 өлкө менен макулдашууга жетиштик. Дагы бешөө менен сүйлөшүп жатабыз. Сүйлөшүүлөр аягына чыгайын деп калды”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий