Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу – Кыргызстандын экономикасындагы ири долбоор – депутат

Экономика 0

Бишкек, 19.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоору Кыргызстандын экономикасындагы ири долбоорлордун бири. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, көп жылдардан бери талкууланып, эми жүзөгө ашыруу үчүн ордунан жылган Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу Азияны Перс булуңундагы өлкөлөргө, андан ары Европага туташтыра турган ири темир жол магистралы болуп саналат.

“Бул Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча билесиздер көп жылдардан бери кызыкдар тараптар менен сүйлөшүүлөр болуп келген. Мына азыр ири долбоорду ишке ашыруу иштери ордунан жылып олтурат. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалган. Биздин мамлекет үчүн экономикадагы эң чоң долбоор болуп саналат. Кыргызстандын продукцияларынын Европага чыгышына, жаңы рынокторго жол ачып жатат. Долбоор канчалык маанилүү экендигин көп мамлекеттер белгилешти. Бул темир жол долбоору өлкө тарыхында ири долбоордун бири болуп калат”, - деди депутат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үч окууда кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий