• 87.45
  • 89.73
  • 0.86

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушунун стратегиялык мааниси чоң - Сариев

Экономика 0

Бишкек, 15.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушунун стратегиялык, геосаясаттык мааниси чоң. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев билдирди.

Анын айтымында, темир жолдун курулушу менен Кыргызстан транзиттик мамлекетке айланат.

“Темир жолдун курулушунун ордун, орчундулугун биз азыр аягына чейин түшүнбөй жатабыз. Темир жолдун курулушу менен Кыргызстан туңгуюктан чыгат. Буга чейин унаа жолу бар болчу. Бирок бул унаа жол менен биз Кытайга, Өзбекстанга гана бара алчубуз. Эми темир жолдун курулушу менен биз деңиздерге, Азия өлкөлөрүнө дагы чыга алабыз”, - деди ал.

Ошондой эле ал, темир жолдун курулушу менен өлкөгө келип жаткан товарлардын наркы бир кыйла төмөндөрүн кошумчалады.

“Мисалы, унаа 10 тонналык жүктү 40 миң долларга тартып келет, ушул эле жүктү темир жол менен тартып келсе жүктүн наркы 2 миң доллар болуп калат. Тактап айтканда, жүктүн наркы 4-5 эсеге төмөндөйт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий