• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кытай төрагасы Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 21.03.22 /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Си Цзиньпин жакында Кытай Эл Республикасы менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын чогуу белгилегенин эске салды.

«Ал эми Пекин шаарында өткөн Кышкы Олимпиада оюндарынын жүрүшүндө биз достукка негизделген жемиштүү жолугушуу өткөрүп, анын жыйынтыгында эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү, „Бир алкак, бир жол“ демилгесин биргелешип курууга көмөктөшүү жана COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөштө кызматташтыкты бекемдөө боюнча кеңири макулдашууларга жетиштик» — деп белгиледи ал.

КЭР Төргасы кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын жана эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достукту чыңдоо жана өлкөлөр жана эки элдин жыргалчылыгы үчүн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн кызыкчылыгында кыргыз-кытай мамилелеринин деңгээлин жогорулатууда жалпы күч-аракеттерди жумшоого даяр экенин баса белгиледи.

Си Цзиньпин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ишинде бакубатчылык, ал эми дос Кыргызстан элине тынчтык жана бакыт каалады.

Пикир

Оставить комментарий