• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Франкфурт на Майне шаарында Европадагы кыргызстандыктар арасында футболдук турнир өттү

Маданият 0

Бишкек, 21.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 19-мартында Германиянын Гессен Федералдык аймагындагы Франкфурт на Майне шаарында Европадагы кыргызстандыктардын арасындагы Көчмө кубок үчүн футболдук турнир болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда Германиянын ар кайсы шаарларынан жана Литва, Дания, Чехия жана Польшадан келген кыргызстандыктардын 20 командасы катышты.

Турнир Германиядагы кыргыз диаспорасынын лидерлеринин жана Гессен федералдык жериндеги кыргызстандыктар “B.I.Z” (“Билим, демилге, кызматташтык”) коомунун демилгеси менен уюштурулду.

Футбол боюнча мелдеш кыргызстандыктар жыл сайын немис жеринде белгиленүүчү Нооруз майрамын утурлай, ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргызстандын ГФРдеги элчиси Өмүрбек Текебаев катышты. Өзүнүн куттуктоо сөзүндө элчи турнирдин бардык катышуучуларын жана иш-чаранын конокторун Нооруз майрамы менен куттуктап, бардыгына мындан аркы ынтымак жана биримдикти каалады.

Ө.Текебаев Германиядагы кыргыздар эки өлкөнүн алакасын түзгөн көпүрө экендигин баса белгилеп, мекендештерди Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтүүгө чакырды. Футбол боюнча мелдештин алкагында волейбол жана кыргыздын улуттук оюну “аркан тартыш” уюштурулду.

Элчи Текебаев Германиядагы, Польшадагы, Даниядагы жана Литвадагы кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери менен жолугушту.

Футбол боюнча мелдештин соңунда кыргызстандыктардын “B.I.Z.” коому тарабынан Нооруз майрамына арналган иш-чара уюштурулуп, ага Элчи Ө.Ч.Текебаев, Кыргыз Республикасынын Майндагы Франкфрут шаарындагы Консулдук агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Берлиндеги Элчилигинин кызматкерлери, ошондой эле Германиядагы жана Европанын башка өлкөлөрүнөн келген көптөгөн кыргызстандыктар катышты.

Кыргызстандыктарга “B.I.Z” коомунун билим берүү, маданият, кыргыздын каада-салтын жайылтуу, кайрымдуулук иштери жана башка ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.

Кеченин конокторуна Кыргызстандын белгилүү ырчыларынын аткаруусундагы майрамдык концерт тартууланып, кыргыздын улуттук тамак-аштары да тартууланды.

Мындай иш-чаралар Германияда гана эмес, Европада да кыргыз элинин ынтымагын камсыз кылууга, Кыргызстандын маданиятын, каада-салтын сактоого жана жаңы муунга өткөрүп берүүгө, мекенди сүйүүгө тарбиялоого жана сергек жашоо образын жайылтууга өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий