• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кытайдын Кашкар шаарында "Кыргыз почтасынын" өкүлчүлүгү ачылды

Коом 0


Бишкек, 23.08.23. /Кабар/. Кытайдын Кашкар шаарында "Кыргыз почтасынын" ААКтын өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Министрдин айтымында, мындай кадам Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын маанилүү учуру болуп саналат.

"Кашкардагы "Кыргыз почтасынн" өкүлчүлүгү эки өлкөнүн ортосундагы почталык инфратүзүмүнүн өнүгүшүнө жана соода-экономикалык байланыштын бекемделишине түрткү берет. Жаңы ачылган өкүлчүлүк чек аралык электрондук соодасынын мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишинде маанилүү роль ойноп, бизнес жана керектөөчүлөр ортосундагы өз ара кызматташтыгын натыйжалуу жүргүзүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт", - деп жазган министр.

Иманкулов белгилегендей, бул Кыргызстан менен Кытайдын достук байланыштарын чыңдалышынын маанилүүлүгүн, муну менен бирге тараптардын узак мөөнөттө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка болгон умтулуусун билдирет.

Пикир

Оставить комментарий