Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Нарындагы "Торугарт" өткөрүү бекетине барды

Аймак 0

Бишкек, 16.06.23./Кабар/. Кечээ, 15-июнда Нарын жергесине иш сапары менен келген Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь президенттин өкүлү Алтынбек Эргешов менен жолуккандан кийин "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү жайына барды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, элчи КР президентинин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров менен бирге кыргыз-кытай чек арасындагы жүк өткөрүү ишинен кабар алды.

Иш сапарында Кытай элчиси "Торугарт" көзөмөл өткөрүү жайы эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкта чоң көпүрө болуп келгенин айтты.

Ал эки өлкөнүн президенттери кол койгон келишимдерге ылайык, "Торугарт" көзөмөл өткөрүү жайы модернизацияланаарын, соода-экономикалык кызматташтык мындан да жакшырып, жакынкы жылдарда товар жүгүртүү 2 эсеге көбөйөөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий