• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде ротацияланып келген жергиликтүү бийлик башчыларына 31 турак жай курулууда

Өкмөт 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Баткен облусу боюнча ротация менен келген жергиликтүү бийлик башчыларына жалпысынан 31 турак жай курулууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы каргашалуу окуялардын натыйжасында талкаланган Лейлек районуна караштуу бир нече айылдарында курулуп бүткөн турак жайлардын абалы менен таанышып чыккан.

Андан соң ротация менен келген жергиликтүү бийлик башчыларына курулган кызматтык үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.

undefined

Учурда үйлөрдүн курулушу 85%га бүтүп калды, тактап айтканда, пайдубалын түптөө бүткөрүлүп, чатыры жабылып, ички жана тышкы оңдоо иштери бүткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий