• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга бир күндө 66 миң сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга бир күндө 66 миң сом айып салынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, объекттин айланасындагы тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн мэриянын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан 66 миң сомго 7 протокол түзүлдү.

Анын ичинен юридикалык жактарга карата 3 протокол түзүлгөн:

-"Мир Одежды Кей Джи" ЖЧКсы (Садырбаев көчөсү, 107)
- Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек шаары боюнча башкармалыгы (Горький көчөсү, 25);
- "Гемотест KG" ЖЧКсы ( Горький - Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилиши).

Белгилей кетсек, рейд учурунда көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга таштандыны белгиленбеген жерге таштоого тыюу салынары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий