Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
“Үстүбүздөгү жылдын июль айында Шанхай кызматташтык уюмунун Астана саммитинде биз кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүнү илгерилетүү боюнча жолугушуу өткөрдүк жана Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн жаңы доордогу багыттарын аныктоо менен жогорку сапаттуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча макулдашууга жетиштик.
Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө чоң маани берем жана Сиз менен түзүлгөн жакшы иштиктүү мамилелерди жана жеке достукту жогору баалайм жана келерки жылы эки тарапка тең ыңгайлуу убакта Кытайга келип кетүүгө чакырам.
Сизге ден соолук жана бардык жакшылыктарды каалайм! Достук мамиледеги Кыргызстан элине бакубатчылык каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Пикир
Оставить комментарий