Кытайлык компания Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө инвестиция салууга даяр

Коом 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Айыл чарба министрлигинде Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы айыл чарба продукциясын экспорт-импорт маселелери талкууланган жолугушуу өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуу Hang Seng Co., Ltd. компаниясынын активдерди башкаруу тобунун башкы директорунун орун басары, "Hang Seng Technology Development" компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Лю Хуинин демилгеси менен өттү.

Жолугушууда Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукциясынын экспорттук потенциалынын жалпы көлөмүнө байланыштуу маселелер талкууланды. Тараптар соода-экономикалык мамилелерди чыңдоого жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыктар экенин билдиришти.

Лю Хуэй "Hang Seng Co" компаниясы Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө инвестиция салууга даярдыгын билдирди. Ал кошумча инвестицияга кызыкдар болушу мүмкүн болгон айыл чарба илимий лабораториялары боюнча маалымат алуу үчүн кат жиберүүнү суранды. Инвестициялоонун бул багыты Кытайга экспорттоо үчүн арналган айыл чарба продукциясынын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталмакчы.

Талкууда өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана жеткирүүлөрдүн туруктуулугун камсыздоого жардам берген айыл чарбасында инфраструктураны жана технологиялык камсыздоону жакшыртуу маселелери да козголду.

Эки тараптын өкүлдөрү айыл чарба кызматташтыгынын ийгиликтүү өнүгүшүнө жана өз ара пайдалуу келишимдерге жетишүү үчүн диалогдун уланышына ишеним билдиришти.

Бул жолугушуу Кыргызстан менен Кытайдын айыл чарба тармагындагы өнөктөштүгүн тереңдетүүгө багытталган кадам болуп саналат жана эки өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошот.

Пикир

Оставить комментарий