• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кызыл-Кыя шаарында окууга тартылбай калган 3 өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында окууга тартылбай калган өспүрүмдөр аныкталды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаар аймагында жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан “Кароосуз калгандар”, “Селсаяк” аталышындагы рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты шаар аймагында кароосуз калган адамдарды, үйүнөн өз алдынча чыгып кетип, селсаяк болуп жүргөн жаш өспүрүмдөрдү аныктоо.

Иш-чарага тартылган милиция кызматкерлери шаар аймагындагы кароосуз калган жайларды, эски короолорду көп кабаттуу үйлөрдүн чатырлары кароого алынып, үймө-үй кыдыруулар уюштурулуп, жыйынтыгында жашоосуна кооптуу абалды жараткан 3 үй-бүлө аныкталып, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттоосуна кооптуу үй-бүлө катары катталды.

Мындан сырткары, мектепке тартылбай калган үч өспүрүм аныкталып, керектүү маалыматтар жыйналды. Ал эми Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин 61-беренесине (ата-энелик милдеттерден качуу) ылайык, Кызыл-Кыя шаарынан 2 ата-энеге протокол түзүлүп, айып пулдар салынды.

Пикир

Оставить комментарий