• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Чүй райондук милициясы жарандарга уурулукту алдын алуу боюнча коопсуздук эрежелерин сактоону түшүндүрүштү

Аймак 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Чүй райондук милициясы жарандарга уурулукту алдын алуу боюнча коопсуздук эрежелерин сактоону түшүндүрүштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алсак, 26-январда Чүй райондук милициясынын начальнигинин орун басары Асылбек Назаралиев Бурана айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Арык айылына барып, жергиликтүү тургундар менен жолукту.

Дөң-Арык айылынын жашоочуларына Асылбек Назаралиев айыл жергесиндеги мал уурулугун алдын алуу үчүн малдарын түнчүндө кароосуз калтырбоо, талааларга таштап койбоо керектигин айтып, коопсуздук эрежелерин туура сактоо боюнча кеңешин берди.

Жолугушуу учурунда милициянын көчмө кабылдама унаасы менен барышкан тартип сакчылары өлкөдө орун алган санитардык-эпидемиологиялык абал боюнча жарандарга кеңири маалыматтарды дагы берип, аралыкты сактоо, бет кап кийүү боюнча кеңештерин айтышты.

Ошондой эле уурулуктун башка түрлөрүн болтурбоо, соода-сатык түйүндөрүндө жана дарыканаларда контролдук-кассалык аппараттарды коюу боюнча түшүндүрүү иштери айтылды. Милиция кызматкерлери менен жолугушуу учурунда жарандар ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы ушундай жолугушууларды өткөрүп турууну суранышты. Анткени кылмыштуулукту алдын алуу үчүн милиция кызматкерлери менен жарандар бирге күрөшүү керектигин жарандар баса белгилешти.

Жолугушууга келген жарандарга мал уурулугун алдын алуу үчүн Чүй райондук милициясы тарабынан даярдалган буклеттер дагы таратылды.

Жогорудагы жолугушууга Чүй райондук администрациясынын кызматкерлери жана Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы Акылбек Оскенов дагы катышты.

Пикир

Оставить комментарий