• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине эстелик тургузулду

Аймак 0

Ош, 19.04.19 /Кабар/. Жалал-Абад шаарында «Славян диаспорасы» ассоциациясы Улуу Ата Мекендик согуштун 5 ардагерлерине эстелик тургузду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эстелик полковник Голубаев Геннадий Петрович, капитан Восковой Павел Иосефович, катардагы жоокерлер Васецкий Виталий Андреевич, Королев Сергей Иванович жана Николай Кириенколорго тургузулган.

Алар Улуу Ата Мекендик согуш учурунда жарадар болуп, Жалал-Абад шаардык ооруканага жаткырылып, кийин ошол жерден көз жумушкан.

Жаңы орнотулган монументке келгендер гүл коюп, бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришкен. Ал эми мектеп окуучулары атайын концерттик программа даярдашкан.

Жалал-Абад шаарынан Улуу Ата Мекендик согушка 10 миң жаран жөнөп, кайра 5 миң 24ү гана кайтып келген. Учурда Жалал-Абад шаарынын аймагында 5 гана ардагер калган.

Пикир

Оставить комментарий