• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кызыл-Кыя шаарында жол кырсыгынан 4 адам мерт кетти

Кырсык 0

Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында жол кырсыгынан 4 адам мерт кетти. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-октябрда түнкү саат 02:50 чамасында Кызыл-Кыя шаары аркылуу өткөн Ош - Баткен - Раззаков унаа жолунун 76-800-чакырымында Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айылынын 29 жаштагы Ж.Н. аттуу тургуну өзүнүн "Мерседес-Бенц-211" үлгүсүндөгү автоунаасы менен каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада каршы багытта келе жаткан Кызыл-Кыя шаарынын 57 жаштагы И.А. аттуу тургунунун "Хонда-Степвагон" үлгүсүндөгү автоунаасын сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, дагы 4 адам ооруканага жеткирилген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, жол кырсыктын жагдайлары боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий