• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ноокен районунда 28 жаштагы Динара Камилова дайынсыз болууда

Кырсык 0

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Ноокен районунда 28 жаштагы Динара Камилова изделүүдө, деп билдирет Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, Сакалды айылынын тургуну 1994-жылы туулган Каримова Динара Мырзамамитовна 19-августта саат 12:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Милициядан билдиргендей, учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 160-165 см, ак жуумал, чачы кара, кыска.

Кийген кийимдери: Көк түстөгү гүлдөрү бар ак көйнөк, кызыл түстөгү бут кийим.

"Дайынсыз болуп жаткан Каримова Динара Мырзамамитовна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Байланыш номерлери: 102, (03734) 5 05 44, 0755 66 62 88", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий