• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Кызыл-Кыяда жасалма акчага соода кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.11.24. /Кабар/. Кызыл-Кыяда жасалма акчага соода кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милицияга Кызыл-Кыя шаарынын 33 жаштагы З.Н. аттуу тургуну 2024-жылдын июнь айларында жасалма 100 долларга “Таштемир ажы” базарынан кийим сатып алып, изин жашырып кеткендиги боюнча маалымат түшөт.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү З.Н.га издөө жарыяланган.

Шектүү ноябрь айынын башында Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы “Ак-жол” өткөрмө пунктунан кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий