• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Лебединовкада 18 жаштагы Айдана изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Лебединовка айылында дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Айдана Зоотпекова изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Зоотпекова 2020-жылдын 30-августунда Лебединовка айылындагы Мичурина көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 160-165 см, орто дене түзүлүштө, чачы кара жана далысына чейин, көзү кара.
Кийими: кызыл түстөгү куртка, кара бут кийим.

"Кимде-ким Айдана Зоотпекованын кайда экендигин же аны издөөгө көмөктөшө турган маалыматтарга ээ болсоңуздар "102" кызматына же 0(312) 36-35-27, 0(999) 21-07-09, 0(709) 21-18-08, 0(550) 34-33-63, 0(778) 00-09-99 номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий