• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Лейлек районунда 150 орунга ылайыкталган мектеп уясы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Бүгүн Баткен облусунун Лейлек районунун Лайли айылындагы 150 орунга ылайыкталган мектеп салтанаттуу түрдө ачылды.

Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Долбоор боюнча мектеп 3 блоктон эки кабаттуу окуу корпустан жана спорттук залдан туруп, жалпы аянты 1025 чарчы метрди түзөт.

Класстык кабинеттерден тышкары китепкана, ашкана, откана жана сырткы ажаткана каралган.

Мектептин курулушуна 97,6 млн сом каражат бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий