• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Лейлекте эки күндүк ымыркайдын диафрагмалык грыжасына операция жасалды

Ден соолук 0

Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек райондук Жалпы дарыгердик практика борборунда эки күндүк ымыркайдын диафрагмалык грыжа дартына операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, операция Лейлек ЖДПБнын неонотолог, реаниматолог жана хирург дарыгерлеринин кеңешүүсү жасалып, ал ийгиликтүү өттү.

Маалымат үчүн: Диафрагмалык грыжа - дененин курсак бөлүгүндө жайгашуучу органдардын же алардын бөлүктөрүнүн көкүрөк бөлүккө өтүп жайгашып калуусу. Өпкөнү кысуу туруктуу өпкө гипертониясына алып келиши мүмкүн. Диагноз көкүрөк рентгенинин жыйынтыгына негизделген. Дарылоо реконструкциялоо операциясын камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий