• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

№2 төрөт үйүнүн кайтарылган имаратында жаңы эки бөлүм ачуу пландалууда — министрлик

Ден соолук 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. №2 клиникалык төрөт үйүнүн кайтарылган имаратында эки жаңы бөлүм ачылат, деп билдирет Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин төрөт үйүнө болгон иш сапарынын учурунда белгилүү болду.

Иш сапардын жүрүшүндө №2 төрөт үйүнүн жетекчилиги тарабынан министрдин аракети менен мурда жеке клиника жайгашкан имарат кайрадан төрөт үйүнө кайтарылып жатканы белгиленди. Муну менен бирге төрөт үйүнүн башкы дарыгери Майрам Керималиева министрге бул имаратта аялдарды текшерүү үчүн бардык керектүү жабдыктары бар гинекологиялык жана амбулатордук-диагностикалык бөлүм ачууну пландап жатышкандыктарын билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал турукташканына байланыштуу 16-февралдан тарта төрөт үйүндөгү «кызыл зона» жабылып, санитардык тазалоодон кийин аялдарды кадимкидей кабыл алуу жанданган.

Эске салсак, COVID-19 пандемиясы башталгандан бери №2 төрөт үйү коронавирус инфекциясына кабыл кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдарды кабыл алып келген.

Пикир

Оставить комментарий