• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда саламаттык сактоо уюмдардын жетекчилери аттестациядан өтөт

Ден соолук 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги бардык саламаттык сактоо уюмдардын жетекчилерин аттестациядан өткөрүү механизмин киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков билдирди.

Анын айтуусуна караганда, аттестация келерки жылы өткөрүлүшү мүмкүн. "Жыйынтыгында иш кандай деңгээлде жүрүп жатканы белгилүү болуп, тиешелүү административдик чаралар көрүлөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий