• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Ленин округунан кайра шайлоо. Шаардык штабдын жыйыны өттү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган округда кайра шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы жарлыгы менен ушул жылдын 10-сентябрына дайындалган.

Жыйынга БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, мэрдин биринчи орун басары Мирлан Байгончоков, мэриянын аппарат жетекчиси Садырбеков А.С., Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, прокуратура жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле №26 Ленин шайлоо округу боюнча округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү катышты.

Жыйында шаардык штабды түзүү жана кайрадан шайлоого даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү боюнча чечимдер кабыл алынды. Штабдын иш планында кайра шайлоону даярдоо боюнча бардык зарыл чаралар, биринчи кезекте шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жактан жабдуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо, үгүт материалдары үчүн маалыматтык аянтчалар жана башка уюштуруу чаралары эске алынды.

Талапкерлерликке коюу этабы 10-августка чейин созулат. Азырынча 9 талапкер көрсөтүлдү.

Урматтуу жарандар, эгерде сиздер алдыдагы шайлоо процессине акимчиликтин, МАБнын кызматкерлери, билим берүү уюмдарынын жетекчилери тарабынан кийлигишүүгө күбө болсоңуздар, тез арада бизге кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Арыздар саат 9:00дон 18:00го чейин кабыл алынат.

0(312) 65 69 02, 65 69 10, WhatsApp (0702) 92 72 88 номерине фото жана видео жөнөтүңүз.

Пикир

Оставить комментарий