• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош айыл чарба техникуму жаңы жабдуулар менен камсыз болду

Аймак 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. Ош айыл чарба техникуму заманбап, акыркы үлгүдөгү электрондук окуу куралдар, компьютерлер, керектелүүчү шаймандар, интерактивдүү доскалар, практикалык сабактар үчүн электрондук симуляторлор менен камсыз болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабдуулар Бүткүл дүйнөлүк банктын Ош облусу жана Ош шаары боюнча “Региондук экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун, “Негизги айыл чарба кызматтарын жөнгө салуучу функцияларды жакшыртуу” курамынын 1-этабынын алкагында, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору (ААЖБ) тарабынан тапшырылды. Берилген жабдуулардын жалпы суммасы 84 миң 460 долларды түзөт.

Долбоордун экинчи этабы боюнча окуу жай косметикалык оңдоодон өтүп, студенттер практикалык жактан окутуу максатында айыл чарба техникалары: дан, жүгөрү жыйноочу комбайндар, тракторлор, айыл чарба шаймандары ( анын ичинде кош, мала, тырмооч жана башка), практикалык окууга баруу үчүн жеңил автоунаалар (кичи автобус), мал жаныбарлардын электрондук макеттери, агрономия жана электрофикация адистигинде окугандар үчүн тиешелүү окуу куралдарынын акыркы үлгүдөгү моделдери менен камсыз болушат.

Пикир

Оставить комментарий