• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте шайлоо боюнча штабдын кезектеги жыйыны өттү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясында 2021-жылы 11-июлда өтө турган Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоо өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына колдоо көрсөтүү боюнча шаардык штабдын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Штабдын ишине Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (БАШК) төрагасы Кайрат Маматов, шаардын вице-мэрлери, район башчылары, Бишкектин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек шаардык ИИББдин башчысы Азамат Ногойбаев жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү катышты.

Талкуунун жыйынтыгында район башчыларына, аймактык, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана чарбалык субъекттердин башчыларына БАШК жана Бишкек шаардык тилкелик шайлоо комиссияларына уюштуруу иштерин чечүүдө жана Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүүгө материалдык-техникалык жактан жардам берүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле, жергиликтүү бюджеттен төлөмдөрдү же жөлөк пулдарды толугу менен же жарым-жартылай алган адамдарга шайлоо процесстерине катышууга жана кийлигишүүгө жол берилбестиги жөнүндө эскертүү берилди.

Район акимдерине биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар арасында биометрикалык маалыматын тапшыруу жана өзүн шайлоочулардын тизмесинен тактоо жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүү тапшырылды.

Акимдер, аймактык, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана чарбалык субъектилердин жетекчилерине Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоого аралашпоо тууралуу эскертүү берилди. Шайлоо ачык-айкын жана административдик ресурстарсыз, андан тышкары жарандардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун сактоо менен өткөрүлүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий