• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

"Лимонти" каймана аты менен таанымал кримтөбөлдүн өлүмү. Айыпталуучу 10 жылга эркинен ажыратылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда "Лимонти" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Алмазбек Сулаймановдун өлүмү боюнча соттук отурум өттү.

Ишти сот Мирлан Термечиков алып барды.

Сот процессинин жүрүшүндө айыпталуучу Талгат Шамиев 10 жылга эркинен ажыратылып, бирок ага карата мунапыс колдонулган. Ошентип, анын камакта кармалгандыгынын 2 жылын эске алып, жаза мөөнөтү ¼ ге кыскартылып, Шамиев 6 жылга эркинен ажыратылды.

Мындан тышкары, айыпталуучу моралдык чыгым катары жабырлануучу тарапка 100 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөп берет.

Эске салсак, Алмазбек Сулайманов 2020-жылдын мартында Нарында бычактан алган жаракатынан улам каза болгон. “Лимонти” уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМде каттоодо турган.

Пикир

Оставить комментарий