• 87
  • 90.63
  • 0.79

Өлкө аймагында жол боюндагы мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында жол боюнда жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Жалал-абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарындагы жалпы пайдалануудагы унаа жолдордун жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар атайын техниканын жардамы менен алынып жатат.

Тиешелүү жумуштар "Кыргызавтожол-Түндүк" жана "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканаларынын кызматкерлери менен жол чарба департаментинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан аткарылууда.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган жумуштар президенттин "Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруунун алкагында жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий