• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ошто Адамдарды сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата сууда сүзүү боюнча турнир өттү

Аймак 0

Ош, 31.07.18. /Кабар/. Кечээ, 30-июлда Ош шаардык “Дельфин” бассейнинде Бүткүл дүйнөлүк адамдарды сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата сууда сүзүү боюнча турнир өттү.

Мелдешке бардык шаардык уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын, мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери катышты.

Жарыш төмөнкү категорияларда аялдар жана эркектердин арасында өттү:

- 25 жашка чейин;

- 35 жашка чейин;

- 40 жашка чейин

Турнирге 50дөн ашык суучул катышты. Жеңүүчүлөр жана сыйлуу орунга ээ болгондор дипломлор, медалдар жана Ош шаарынын мэриясынын, Дене тарбия жана спорт комитетинин баалуу белектери менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий