• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Өлкө башчынын жардамы менен Кыргызстанга эл аралык уюмдардын жардамы тездетилди - Ниязалиев

Коом 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Өлкө башчынын жардамы менен Кыргызстанга эл аралык уюмдардын жардамы тездетилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, коронавируска каршы күрөшүүдө Кыргызстанга Дүйнөлүк валюта фондунан 120 млн доллар, Дүйнөлүк банк тарабынан 12 млн доллардан ашык акча каражаты бөлүнгөн.

"КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков алдыңкы катардагы эл аралык экономикалык уюмдардын жана эл аралык финансылык институттарынын президенттери менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде Кыргызстанга жардам программаларын берүү тездетилүүдө. Алсак, Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилиги Кыргызстанга дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды алуу үчүн 200 млн доллар берүүнү бекиткен", - дейт министрдин орун басары.

Ниязалиев белгилегендей, Россия, Кытай, Япония, Корея, Түркия, АКШ, Өзбекстан, Швейцария, Бельгия өлкөлөрүнөн ушул жылдын март айынан тартып жеке коргонуучу каражаттар жана түрдүү медициналык жабдуулар түрүндө 15 млн доллардан ашык каражат жардам катары келген.

"Ошондой эле өлкө башчынын Ислам өнүктүрүү банкынын президенти менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде Кыргызстанга Түркиядан 30 миң 400 даана ПЧР тесттин алып келүү үчүн 350 миң доллар өлчөмүндө гранд бөлүнгөн. Тесттер 8-апрелде Кыргызстанга келип, Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилген", - деп кошумчалады Ниязалиев.

Пикир

Оставить комментарий