• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Үй бар! Кыйын кырдаалда бир муштумдай бириккен кыргызстандыктар

Коом 0

2022-жылдын 14-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессиясын көрсөтүп, Кыргызстандын чек ара заставаларына жана калктуу пункттарга кол салды. 16-сентябрда тажик тарап мурда жетишилген макулдашууларды бузуп, Баткен районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге кайрадан чыккынчылык менен кол салды.

Тургундардын жай турмушуна бүлүк салган окуя өлкө элин сестентти. Кыргызстандын эли заматта бир муштумдай биригип, кыйын кырдаалда калган мекендештерге жардам колун сунууда. Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн Баткен облусуна ыкчм түрдө медиктердин тобу жөнөтүлдү.

Эч ким кайдыгер караган жок!

"Үй бар"

Акыркы ыкчам маалыматтарга караганда, 137 миңге жакын баткендиктер өз үйлөрүн таштап качууга мажбур болду.

Баткен облусунда жергиликтүү тургундар жол боюна "үй бар", "канча адам болсо, айтыңыздар баарын үйгө баткырабыз, багып алабыз" деген жазуу бар кагаз кармап, коңшулардын куралдуу кагылышуусунан жабыркагандарга тилектештик билдирип жатышат.

Бишкектеги мейманкана ээлери да сыртта калбай, жардам колун сунууда. Алар эвакуацияланган жана Бишкек шаарында жүргөн Баткен облусунун тургундары үчүн мейманканадан орун берүүгө даяр экендиктерин айтышты.

Көп түрүксө көл болот, облус элинин көмөгү

Чыр чыккан алгачкы мүнөттөрдөн тартып иш башталып, облус боюнча гуманитардык жардам чогултуу пункттары уюштурулду. Мамлекеттик органдардын кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын Баткенге которууда.

Ал ортодо Кан борборунда Баткенде жабыркагандарга жардам берүүнү каалагандардын узун кезеги түзүлдү.

17-сентябрда Баткен облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Баткен элине ар тараптан колдоо көрсөткөн кыргызстандыктардын аягы суюла элек.

2-класстын окуучусу Асия Эралиева да кыргызстандыктардын алкышына татыды. Секелек кыз угуучу аппаратка деп чогулткан акчасын Баткен элине берүүнү чечкен.

Пикир

Оставить комментарий