• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Түштүк Корея муниципалдык кызмат чөйрөсүндө кызматташат. Меморандумга кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги менен Корея Республикасынын персоналды башкаруу боюнча министрлигинин ортосунда мамлекеттик жарандык кызматта адам ресурстарын башкаруу жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Меморандумга кол коюу аземи онлайн форматта өтүп, ага Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев, Түштүк Корея мамлекетинин Персоналды башкаруу боюнча министри Ким Сын Хо жана эки өлкөнүн аталган мекемелеринин кызматкерлери катышты.

"Меморандумга кол коюу менен эки өлкөнүн мамлекеттик, муниципалдык кызматтарында жана санариптештирүү маселелеринде тажрыйба алмашуу, кызматчыларды окутуу боюнча кызматташуу жаңы баскычка чыкты", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий